06.04.2019 17:46

КСДПнын 18-съездинин делегаттары «Ата-Бейит»  комплексине жана «7-апрель шейиттери» мечитине барышты

КСДПнын 18-съездинин делегаттары «Ата-Бейит»  комплексине жана «7-апрель шейиттери» мечитине барышты

Социал-демократтар партиясынын 18-съездине келген делегаттар  иш-чаранын соңунда «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Иш-чарага экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы катышты.

Ал жакта 2010-жылы 7-апрелде көзү өтүп кеткендерге жана жалпы арбактарга багышталып куран окутулду. Андан кийин жакында эле ачылган «7-апрель шейиттери» мечитине барышты.